Ысык-Атада өзүнөн 23 жаш кичүү аялын өлтүрүүгө шектелип эркек киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАялды муунтуп жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт
Аялды муунтуп жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жубайлар уруша кетип, эркек аялды сабап туруп муунтуп салган.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ысык-Ата районунда жарандык никедеги аялынын өлүмүнө шектелип 54 жаштагы жергиликтүү тургун кармалганын Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБине 2-май күнү айылдардын бириндеги үйдө катуу чыр чыгып, аялдын кыйкырганы угулуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген кызматкерлер аталган үйдөн аялдын сөөгүн табышкан.

"Алдын ала маалымат боюнча үйдө 54 жаштагы киши жарандык никедеги аялы менен жашап келген. Келиндин 31 жашта экени аныкталды. Окуя болгон күнү жубайлар уруша кетип, эркек аялды сабап туруп муунтуп салган", — дешти милициядан.

Ысык-Ата райондук ИИБи Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0