Таш-Көмүрдө эртең менен болгон жол кырсыгынан үч киши каза тапты. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Honda Stepwgn унаасы кырсыктап, үч адам набыт болду
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Honda Stepwgn унаасы кырсыктап, үч адам набыт болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге Таш-Көмүр шаарынын куткаруучулары барып, каза болгондордун сөөгүн чыгарып беришкен.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Honda Stepwgn унаасы кырсыктап, үч адам набыт болгонун ӨКМ билдирди.

© Фото / пресс-служба МЧС КРДТП на 467-м километре трассы Бишкек — Ош
ДТП на 467-м километре трассы Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
ДТП на 467-м километре трассы Бишкек — Ош

Маалыматка ылайык, кырсык 3-май күнү ссаат 7.15тер чамасында болгон. Унаа рулду башкара албай калып, жолдон чыгып аласалып кеткен да бакты сүзгөн.

"Оуянын кесепетинен эки аял, бир эркек киши көз жумду. Алардын аты-жөнү такталып жатат. Алардан тышкары, дагы бир эркек киши жабыркаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсык болгон жерге Таш-Көмүр шаарынын куткаруучулары барып, каза болгондордун сөөгүн чыгарып беришкен.

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы окуядан каза болгон үч кишиден тышкары дагы эки адам жабыркаганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0