Кыз талашкан мушташ окуучунун өлүмү менен аяктады... Көлдөгү окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Мушташкан балдар Бактуу-Долоноту жана Кара-Ой айылдарынын окуучулары экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында мушташкан балдардын бирине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган облустун ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Эске салсак, 29-апрель күнү аталган айылда өспүрүм балдар ортосунда массалык мушташ чыгып, анын кесепетинен бир бала көз жумган

"Балдар кыз талашкан окшойт. Кара-Ой мектебин 9-класска чейин окуп бүтүп кеткен бала менен 11-класстын окуучусу мушташыптыр. Аларга балдар жапырт кошулуп кеткен. Окуянын кесепетинен 16 жаштагы окуучу алган жаракаттан ошол жерден жан бергендиги анык болду. Учурда курдашын башка чапкан бала кармалып, ага карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду", — деди Усубакунов.

Милиция өкүлү мушташкандар Бактуу-Долонту жана Кара-Ой айылдарынын балдары экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0