Он жашар кызды Кыргызстандан алып кетмекчи болгон испаниялык жаран кармалды

© AFP / KARIM SAHIBБеженцы в Ираке
Беженцы в Ираке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арадан өтүүгө аракет кылган кишинин 50 жашта экени аныкталды.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. "Акжол" чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунан 10 жашар кызды алып өтүүгө аракет кылган Испаниянын 50 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Испаниянын жараны чек арадан өзүн шектүү алып жүрүп, кызы да, өзү да орусча билбей турганын айткан. Бирок чек ара кызматкери кыздан орусча билесиңби деп сураганда ал оң жооп берген.

"Окуяны териштирүү учурунда кыздын апасы 10 жашар кызы жоголгону боюнча арыз жазганы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Испаниянын жараны ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0