Токмоктогу убактылуу кармоо жайынан үч өспүрүм качып кетти

Жазылуу
Качып кеткендердин бирөө адам өлтүрүүгө шектелип жаткан.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Токмоктогу убактылуу кармоо жайынан үч өспүрүм качып чыкты. Бул тууралуу милициядан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Ага ылайык, Бишкек шаары менен Чүй облусунда "Сирена" планы жарыяланып, милициянын жеке курамы толугу менен издөө иштерине тартылды.

ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, качып кеткендердин бирөө адам өлтүрүү, экинчиси машина уурдоо, үчүнчүсү уурулук үчүн кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0