Сузактагы жер көчкү түшкөн аймактын эли эвакуацияланышы мүмкүн

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия оползня в Сузакском районе
Последствия оползня в Сузакском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта суунун агымы акырындык менен өзүнүн багыты менен агууда

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Сузак районундагы жер көчкү түшкөн аймакка барып кырдаалга көз салып жүрөт. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. 

Белгилей кетсек, кечээ 29-апрелде болжол менен эртең мененки саат 9.30да Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен 1,5 млн. метр куб жер көчкү түшүп, анын 48 000 метр кубу аталган дарыянын суусун жаап калган.

Көчкүнүн узундугу 320, туурасы 25, ал эми бийиктиги 6 метрди түздү. 

"ӨКМ жетекчиси Нурболот Мирзахмедов көчкү түшкөн аймакты карап чыгып, тиешелүү жетекчилерге кырдаалды күнүн-түнү көзөмөлгө алууну жана эгер кооптулук жаралса элди башка жакка эвакуациялоону тапшырды. Министр мындан башка дагы кооптуу жайлар менен таанышып чыгат", — деп айтылат маалыматта. 

Жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткен району: Сай айылына жер көчүп, 350 кожолук суусуз калды
Азыркы тапта суунун агымы акырындык менен өзүнүн багыты менен агууда. 

Жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук Жарандык Коргонуу комиссиясы тиешелүү иш-чараларын жүргүзүп жатат. 

Эске салсак, былтыр дагы 29-апрель күнү Өзгөндүн Аюу айылында жер көчүп 24 адамды басып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0