Ошто оорукана бухгалтери 4,7 млн. сомду кымырып алды деп шектелүүдө

Жазылуу
Кылмыш иши тийиштүү органдарга тапшырылган.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ош облустук прокуратурасы кургак учукка каршы күрөшүү боюнча облустук борбордо 4 миллион 694 миллион сомду кымырып алуу фактысын тапты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уурдалган акчанын 64 миң долларын кымырып алган милиционерлерге иш козголду
Аталган факты боюнча оорукананын башкы бухгалтери шектелүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча шектүү бюджеттик каражатты өзүнө ыйгарып алуу үчүн жалган фирма түзгөн. 2017-жылы жыл бою документтерди жасалмалап, оорукананын керектөөсү үчүн деп жалган фирмага бюджеттен каралган акчаны которуп турган.

Кылмыш иши тийиштүү органдарга тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0