Мекендешин бычак менен коркутуп зордуктаган. Москвада кыргызстандык кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековК гибели лицеиста привела очередная подростковая драка в Бишкеке.
К гибели лицеиста привела очередная подростковая драка в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелүүчү арыз жазылгандан эки күндөн кийин кармалган

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Москва шаарында өз мекендешин зордуктоо боюнча шектелип, кыргызстандык кармалгандыгын ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

24-апрель күнү КРдин ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 29 жаштагы кыргызстандык келин кайрылган. Анын айтымында, бейтааныш эркек бычак менен коркутуп, андан соң, зордуктап салган.

"Аялга күч колдонду делген кишинин ким экендиги эки күндө аныкталып, 27 жаштагы кыргызстандык кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки жана ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, жакынкы күндөрү эле Москвада мурдагы аялын токмоктоп, зордуктап жүргөн кыргызстандык киши кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0