Сокулук айылында тепловоздун алдында калган киши каза болду

© Sputnik / Андрей Архипов / Медиабанкка өтүүСтолкновение поездов
Столкновение поездов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция маркумдун аты-жөнүн тактап жатат.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Сокулук айылындагы "Сокулук" станциясынан тепловоз темир жолго чыга калган кишини коюп кетип, ал ошол жерден каза болгонун ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тепловоз күү менен кетип бараткандыктан кокусунан чыккан азиат тектүү 35-40 жаштардагы кишини тебелеп кетпөө үчүн шашылыш тормозду басканына карабай коюп кеткен.

Присвоение звания младшего лейтенанта 20 сотрудникам службы Мобильного батальона 102 в ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Кызды жарым жылаңач кылып таштап кеткендер милицияга да каршылык көрсөткөн
Учурда тийиштүү органдар маркумдун аты-жөнүн тактап жатышат. Каза болгон кишини өзгөчө белгилери:

Бою 170-175 сантиметр, чап жаак, мурут-сакалы бар, мурду кырдач. Үстүндө кара түстөгү күрмө, көгүш свитер, кара түстөгү спорттук шым жана кара байпак кийген.

Милиция маркумду тааныгандар же анын туугандарын билгендерди 0312 35-12-70, 0700 82-05-05, 0555 82-05-05 номерлери аркылуу кайрылууну суранат.

ИИМдин тараткан билдирүүсүндө темир жол дайыма адам өмүрү үчүн коркунучтуу жер экени эсертилип, жарандарды темир жолдон өтүп жатканда этият болууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0