Ош: клейге ууланган 14 окуучу менен эки мугалим ооруканага түштү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЕГЭ по русскому языку
ЕГЭ по русскому языку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат

ОШ, 25-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы мектептердин биринен 10дон ашык окуучу белгисиз затка ууланып, ооруканага түшкөнүн шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бүгүн, 25-апрелде, саат 13:00дөр чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош облустук ооруканасынан окуучулардын ууланганы боюнча маалымат келген.

Ыкчам-иликтөө тобу барып текшергенде окуучулар психотроптук заттан (клей) ууланганы аныкталган.

"Окуучулардын айтымында, алар класска кирген учурда целлофан баштыкта өзгөчө жыты бар зат жаткандыктан аны жыттап көрүшкөн. Мугалим баштыкты сыртка алып чыгып ыргытууну айткан. Андан кийин окуучулар өздөрүн жаман сезип тез жардам чакырылган. Учурда жалпы 14 окуучу, эки мугалимге медициналык жардам көрсөтүлүп жатат, баарынын абалы туруктуу", — деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0