Аба ырайынан улам Бишкек — Жалал-Абад каттамы боюнча учак учпай калды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСамолет Airbus A330
Самолет Airbus A330 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Авиатрафик" авиакомпаниясы жүргүнчүлөрдү Ошко чейин гана ташып, Жалал-Абадга дейре жеткирүүдөн баш тартты.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Аба ырайынан улам 25-апрелдеги Бишкек – Жалал-Абад каттамы болбой калганын жүргүнчүлөрдүн бири Чыңгыз аттуу жаран Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Учак 10:50дө учушу керек болчу, бирок, аэропорт аба ырайынан улам каттамдарды кабыл ала албай турганын билдирген. Чыңгыздын айтымында, 70тей жүргүнчү 2,5 сааттан бери күтүү залында турушат. "Авиатрафик" авиакомпаниясы жүргүнчүлөрдү Ошко чейин гана ташып, Жалал-Абадга дейре жеткирүүдөн баш тарткан.

"Жүргүнчүлөрдүн арасында кары-картаңдар, балдар бар. Күтүп отурганда суу дагы беришкен жок. "Авиатрафиктин" бир кызматкери жүргүнчүлөргө орой мамиле кылды. Азыр көпчүлүгүбүз Ошко чейин учуп барабыз, бирок Жалал-Абадга чейин жеткиришпейт", — деди Чыңгыз.

Кол чатырчан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү! Алдыдагы эки күндө аба ырайы кескин бузулат
"Авиатрафик" компаниясынын расмий өкүлү Кадырбек Көчөрбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берди.

"Жүргүнчүлөрдүн көбү Ошко чейин учуп барууга макул болду, бул алардын жеке чечими. Аларга учак бердик. Ошко чейин учуп барууну каалабаган жүргүнчүлөрдүн авиабилетинин наркы толугу менен кайтарып берилет", — деди.

"Манас" аэропортунан билдиришкендей, бүгүн аба ырайынан улам бир гана каттам алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0