Таласта мектеп окуучулары мушташып, бири бычак жеди

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушташка №5 орто мектептин учурдагы окуучулары жана бүтүп кеткен балдар болуп бардыгы 5-6 киши катышканы айтылууда.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Талас шаарындагы №5 мектептин 11-классынын окуучулары менен бүтүп кеткен балдардын ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу Талас ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, милицияга мушташ жөнүндө маалымат 23-апрель күнү түштөн кийин түшкөн.

"Окуя болгон жерге дароо эле ыкчам-иликтөө тобу барган. Жыйынтыгында ооруканага үч адам кайрылды. Алардын бири бычак жеген", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши колголду.

Алдын ала маалыматка караганда, бычак колдонулган мушташка №5 орто мектептин учурдагы окуучулары жана бүтүп кеткен балдар болуп бардыгы 5-6 киши катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0