Ошто Sprinter коюп кеткен дагы бир бөбөк чарчап калды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүВ связи с новыми правилами ПДД вырос спрос на автомобильный знак "Шипы"
В связи с новыми правилами ПДД вырос спрос на автомобильный знак Шипы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркайдын эки жашта экени айтылууда

ОШ, 23-апр. — Sputnik. Ош шаарында унаа коюп кеткен эки жаштагы бала ооруканада каза болду. Бул тууралуу шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 22-апрель күнү саат 13:00 чамасында болгон.

"Араван районунун Л.Х. аттуу жашоочусу Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааcын Ош шаарында артка айдап жатып, эки жаштагы баланы койдуруп кеткен. Унаа ээси наристени өзү ооруканага жеткирген. Алган жараатынан улам ал ооруканада чарчап калган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул фактынын негизинде тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин Алайда беш жаштагы наристени унаа коюп, көз жумган. Айдоочунун 15 жаштагы өспүрүм кыз экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0