"Ала-Арчада" кырсыктаган швейцариялык турист. Окуянын чоо-жайы дайын болду

© Фото / Ирина Черкасова"Ала-Арча" капчыгайы. Архив
Ала-Арча капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туристти куткаруучулар кырсык болгон "Ала-Арчага" келгенден кийин 9 сааттан соң гана эвакуация кылышкан

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. "Ала-Арча" капчыгайындагы тоодон түшүп баратып, кулап кеткен швейцариялык сноубордчу ооруканага жеткирилди деп кабарлады куткаруучу экипаждын мүчөсү Павел Воробьев.

Саякатчы 20-апрелде кырсыктаган. Эртеси, саат эртең мененки жетиде окуя болгон жерге жакын аралыкта жүргөн альпинисттер менен гиддер келген.

"Жарааты бир топ эле оор болгондуктан, аны ооруканага тезирээк жеткириш үчүн тик учак чакырттык. Өйдөңкү "Ала-Арчадан" өз алдынча алып түшө албайт элек. Тик учакты саат 12ге чейин күтүп калдык. Биз аларга көрсөтүлө турган кызматы үчүн акчасын төлөп берүүгө даяр элек, бирок алар баш тартышты", — деп айтып берди Воробьев.

Турист снял на видео, как лавина накрыла альпинистов на пике Ленина в КР - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк түшөт! Альпинисттерди көчкү басып калганы видеого түшүп калган
Башкы штабдын маалымат кызматынан 21-апрелде бардык тик учактар техникалык кароодон өтүп жаткандыктан, "Ала-Арчага" техника жөнөтүүгө мүмкүн болбогондугун айтышты.

Андыктан саат 12.00дө куткаруучулар тобу жабырланган кишини кол менен түшүрө баштаган. Саат кечки төрттөргө жакын гана бейөкмөт уюмдун тик учагы келген.

Воробьевдин айтымына караганда, швейцариялык турист Кыргызстанда ыктыярчы болуп иштейт. Караколдо кесиптештери менен биргеликте лыжа тебүүнү бекер үйрөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0