Бүгүн Бишкекте бүткүл дүйнөлүк китеп жумалыгы башталат

© Sputnik / Алексей Фурман / Медиабанкка өтүүКитеп павильону. Архив
Китеп павильону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акция саат 11де Курманжан датканын эстелигинин алдында старт алмакчы.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк китеп жумалыгына карата Бишкекте "Окуган бала — гүлдөгөн Кыргызстан" акциясы башталарын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири — Билим берүү жана илим министрлиги.

"Салтанаттуу ачылыштан кийин таанып-билүү жана маданий иш-чаралары болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Алар:

— "Китеп искусствосу" сынагы боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо;

— Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү акын-жазуучуларынын китеп көргөзмөсү;

— Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуу;

— Балдар жана чоңдор үчүн спорттук мелдештер;

— Реабилитациялык борборлордун, мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын колунан чыккан буюмдар;

— Чет өлкөдөн билим алуу боюнча адистердин кеңештери берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0