Ошто 35 жаштагы киши 6 кг героин менен кармалды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүГероин. Архив
Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү буга чейин баңгизатты Тажикстандан мыйзамсыз ташып келип, Россияга жеткирип жүргөн.

ОШ, 20-апр – Sputnik. Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну атайын операция учурунда 6 килограмм героин менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шектүү киши уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милицияда каттоодо турган. Ал буга чейин баңгизатты Тажикстандан мыйзамсыз ташып келип, Россияга жеткирип жүргөндүгү белгилүү болду.

"Ички иштер министрлигинин Баңгизатга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери атайын операциянын алкагында шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүп, бөлмөлөрдүн бириндеги жашыруун сандыктан тасмага оролгон, атайын жыты бар порошок салынган 48 таңгак алынган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган зат героин экени такталган. Анын салмагы алты килограммды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган адам ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0