УКМК бир нече жылдан бери издөөдө жүргөн чет элдик террорчуну колго түшүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековСовместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека
Совместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ал өнөктөш мамлекеттин тийиштүү органдарына өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Сирия жана Ирактан келип, Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган террорчуларды кармоо боюнча операциянын алкагында эл аралык террордук уюмдардын (ЭТУ) биринин мүчөсү, 32 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Борбор Азия жана КМШ аймагында теракт уюштурууга келген согушкер кармалды
Маалыматка караганда, ал 2015-жылы ЭТУлардын бирин түптөөгө аралашкандыгы жана Сирия өкмөтүнө каршы иш-чараларга катышкандыгы үчүн КМШ өлкөлөрүнүн биринде издөөдө жүргөн.

Учурда ал өнөктөш мамлекеттин тийиштүү органдарына өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, 17-апрель күнү 2015-жылы Сирияга Кыргызстандын төрт жаранын үгүттөп жиберген киши колго түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0