Бишкекте окуучуну желкеге чапкан мугалим иштен кетүүнү чечти. Окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Мугалим окуучуга кол көтөргөнү үчүн кечирим сурады.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкектеги №20 мектептин 7-классынын окуучусун желкеден ары бир чапкан мугалим иштен кетүүнү чечти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Деятельность Кыргызского Государственного Технического университета в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Политехтеги мугалимдердин мушташын окуу жайдын жетекчилиги териштирүүдө
Буга чейин социалдык тармакка окуучуга кол көтөргөн мугалимдин видеосу тараган.

Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, мугалим күнөөсүн моюндап, жини келгенде өзүн кармай албай калганын айткан. Ал ошондой эле мындай аракеттери үчүн кечирим сураган. Ал эми окуучунун ата-энеси мугалимге доосу жок экенин билдиришкен.

Окутуучу аталган мектепте 2016-жылдан бери иштеп келет. Жалпы жонунан 15 жылдык тажрыйбасы бар.

"Мугалимге карата арыздануу болгон эмес. Окуядан кийин өзү эле иштен кетүү тууралуу арызын жазды. Бирок иштен алуу боюнча буйрук чыга элек", — деп башкармалыктан маалымдашты.

Ошондой эле мындай окуялар кайталанбашы үчүн педагогго түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0