Бакиевдердин VIP-шаарчасынын баасын бычкан киши кармалды

© AP Photo / Moises CastilloЗадержание подозреваемого
Задержание подозреваемого - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыш ишин козгоого баштапкы баасы 242 миллион сомду түзгөн Бакиевдердин VIP-шаарчасынын 142 миллион сомго сатылып кетиши себеп болгон.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө таандык VIP-шаарчага тийиштүү козголгон кылмыш иштин алкагында ЖЧКлардын биринин директору Сергей Дибров кармалды. Ал убагында аталган шаарчанын баасын аныктаган. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Колго түшүрүлгөн Дибров убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маммүлктүн мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков темир торго киргизилди
Кылмыш ишин козгоого баштапкы баасы 242 миллион сомду түзгөн Бакиевдердин VIP-шаарчасынын 142 миллион сомго сатылып кетиши себеп болгон.

ИИМ аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304 (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренелеринин (менчиктештирүү, салык, бажы жана уруксат лицензиясын берүүдө кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш ишин козгоп, Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаковду камакка алган.

Ушундай эле беренелер боюнча фонддун жетекчисинин орун басары Бакытбек Мураталиев дагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. https://sputnik.kg/politics/20180413/1038644655/mammulk-abak-kylmysh-murataliev.html

Жаңылыктар түрмөгү
0