КамАЗдын алдында калган келиндин боюнда бар болуп чыкты

Жазылуу
Жүк ташуучу унааны 60 жаштагы киши айдап бара жаткан.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кечээ КамАЗдын алдында калып каза тапкан келиндин боюнда бар экендигин    Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкектин тез жардам көрсөтүү борборунан айтышты.

Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
17 жаштагы кызды кагып өлтүрүп алган адам тергөө абагына киргизилди
Кырсык 16-апрель күнү кечинде Ауэзов көчөсүндө болгон. Түндүк тарапты көздөй бараткан жүк ташуучу унаа 15 жаштагы кыз менен 20 жаштагы келинди коюп кеткен. Анын кесепетинен жабыркагандар оошол жерден көз жумган. КамАзды айдап бараткан 60 жаштагы айдоочу окуя болгон жерден кеткен эмес.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кыз менен келин унаа коюп кеткенден кийин тирүү болгонун, бирок Тез жардам келгиче үзүлүп кеткенин маалымдады.

Бардык материалдар тергөөгө берилип, айдоочу кармалды.

Кечээ кырсыктын видеосу да тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0