12 капчык, 4 күбөлүк... Маршруткадагы уурулукка шектелип эки бала кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовМужчина вынимает деньги из кармана
Мужчина вынимает деньги из кармана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар уурулук боюнча 15 ишке шектелип, анын сегизи боюнча иш козголду.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкекте маршрута жүргүнчүлөрүн жашыруун тоноого шектелип, 18 жана 24 жаштагы эки бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

13-апрель күнү милицияга шаар тургуну коомдук транспорттон 18 миң сом салынган капчыгын уурдатып ийгенин айтып, арыз жазган. 

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБишкекте маршрута жүргүнчүлөрүн жашыруун тоноого шектелип, 18 жана 24 жаштагы эки бала кармалды
Задержаны подозреваемые в серии карманных краж, совершенных в маршрутках - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте маршрута жүргүнчүлөрүн жашыруун тоноого шектелип, 18 жана 24 жаштагы эки бала кармалды

Мындан улам Биринчи Май райондук ИИБинин ыкчам-иликтөө тобу 18 жана 24 жаштагы эки баланы шектелүүчү катары колго түшүрдү.

"Кармалган маалда алардан бир чакан сумка, 12 намыян, алты айдоочулук күбөлүк, төрт кызматтык күбөлүк, тогуз даана банк картасы, үч уюлдук телефон, алты генералдык ишеним кат, үч сим-карта жана бир маска табылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда алар уурулук боюнча 15 ишке шектелип, анын сегизине Кылмыш жана жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) менен иш козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0