17 жаштагы кызды кагып өлтүрүп алган адам тергөө абагына киргизилди

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25 жаштагы айдоочу Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны айдап келе жатып, Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинен өспүрүмдү коюп кеткен.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Өткөн ишемби күнү таңкы саат 5те 17 жаштагы кызды койдуруп кеткен айдоочу эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин 25 жаштагы айдоочу мас абалында Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны айдап келе жатып, Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинен өспүрүмдү кагып алганы айтылган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде жан берген.

Кийин интернететке аталган кырсыктын видеосу чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0