Кочкордо жөө бараткан киши унаа алдында калып көз жумду. Кырсыктын сүрөтү

© © SputnikАвтонаезд на двух пешеходов в Кочкорском районе Нарынской области
Автонаезд на двух пешеходов в Кочкорском районе Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун 44 жашта болгону айтылды.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кочкор районунун Ак-Жар айылында жол кырсыгынан бир адамдын каза тапканын ӨКМ билдирди.

Жолдун четинде турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мас айдоочу 17 жаштагы кызды учура сүзгөн видео тарады
Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелде кечки саат сегизге чукул болгон. Audi-100 C4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдо бараткан кишини коюп, андан кийин бакты сүзгөн. Натыйжада 44 жаштагы жөө адам ошол жерден каза таап, айдоочуну Тез жардам кызматы алып кеткен.

Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми тартип сакчыларынын маалыматы боюнча маркум мас абалында болгон.

Буга чейин 14-апрелге караган түнү да жол кырсыгынан Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыр Тыналиев көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0