Түптө айдоочунун артынан кууган милиционерлердин сабалышы боюнча иш козголду

Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча милиция кызматкерлерин 20дай киши сабаган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлеринин сабалышы боюнча кылмыш иши козголгонун ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү 14-апрелде Ысык-Көлдүн Түп районунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталгандан кийин сабалган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдиришинче, инспекторлор катуу ылдамдыкта бараткан Toyota Avensis автоунаасын байкашкан. Айдоочу инспекторлордун "машинаны токтот" деген буйругуна баш ийген эмес. Милиция атайын маякты күйгүзүп, алардын артынан кууган.

Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аягына чейин турам! Чемпион Орзубек Назаров ИИМден 10 млн. сом өндүрүү ниетинде
Болжол менен 800 метрден кийин айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып, оодарылып кеткен. 24 жаштагы жүргүнчү (Күрмөнтү айылынын тургуну) окуя болгон жерден каза болгон. Айдоочу жана 25 жаштагы дагы бир киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Милиционерлер авария болгон жерде документтерди толтуруп жатканда жабыркагандардын туугандары (20дай киши) келип, сабап кеткен. Инспекторлор түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылган.

Тергөө иштерин Ысык-Көл облустук милициясы менен прокуратура жүргүзүүдө.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн сабоо фактысы боюнча Кылмыш жаза кодексинин 341-беренси "Бийлик өкүлүнө зордук-зомбулук көрсөтүү" боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0