Түптө милиция кууган унаа оодарылып бир адам мерт болду. Кырсыктын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматынын автоунаасы. Архив
Кайгуул милиция кызматынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийин жабырлануучулардын 20га чукул тууганы жол кырсыгын каттоого барган инспекторлорду сабап салган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Түп айылында жол инспекторлорунан качып бара жаткан унаа ала салып, бир адам каза болду. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда айдоочу ЖКККБнын кызматкерлерине баш ийбей качып кеткен. Окуя ишемби, 14-апрелде, саат 15.30дар чамасында болгону айтылат. 

Милиция кызматкерлерине баш ийбей кеткен айдоочунун артынан Түп райондук ЖКККБнын экипажы сиренасын күйгүзүп кууп жөнөгөн. 

“Атайын рейд жүргүзүп жаткан маалда милиция кызматкерлери Toyota Avensis унаасын тоскон. Бирок ал баш ийбей катуу ылдамдыкта өтүп кеткен. Болжол менен 800 метрдей барып руль башкара албай жолдун четине чыгып ала салып кеткен”, — деп билдиришти милициядан.

Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аягына чейин турам! Чемпион Орзубек Назаров ИИМден 10 млн. сом өндүрүү ниетинде
Кырсыктын кесепетинен унаа ичиндеги Күрмөнтү айылынын 24 жаштагы тургуну жеринде мүрт кеткен. Ал эми ошол эле айылдык айдоочу менен бир жүргүнчү жаракат алып ооруканага түшкөн. 

Кийин жабырлануучулардын 20га чукул тууганы келип жол кырсыгын каттоого барган инспекторлорду сабап, видеожетондорун тартып алышкан. Мындан улам милицонерлер да ооруканага жаткырылган. 

Аталган факты боюнча Ысык-Көл ОИИБ жана прокуратурасы тарабынан териштирүү иштери башталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0