УКМК: эки ирет жанын кыюуга аракет кылган киши акыры ооруканадан көз жумду

Жазылуу
Каза болгон киши 13-апрелде эки килограммдан ашык баңгазат менен кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттодо турган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Баңгиканалын уюштурууга шектелип кармалган жаран өз жанын кыюуга аракет кылып, акыры ооруканада каза болду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте Ички иштер министрлигинин мурдагы жана азыркы кызматкерлери 8 килограмм гашиш менен кармалды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ИИМдин пенсионери 8 кг баңгизаты менен кармалды. Сүрөт
Кечээ, 13-апрелде, УКМКнын Ош облусундагы кызматкерлери 1971-жылы туулган А.С аттуу кыргызстандык жаранды кылмыштуу баңги тобун уюштурган деген шек менен колго түшүргөн. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, укук коргоо органдарынын версиясы боюнча Кыргызстан аркылуу КМШ өлкөлөрүнө күчтүү баңгизаттарды ташуу боюнча туруктуу канал түзгөн.

Анын унаасын тинтүү учурунда жалпы салмагы эки килограммдан ашкан баңгизат табылган.

"Шектүүнү кармоо учурунда өз жанын кыюуга аракет кылганда УКМК кызматкерлери байкап токтотуп калышкан. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан соң шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бүгүн, 14-апрелде, А.С. кайрадан өз өмүрүнө кол салган. Тез жардам чакырылып, канааттандыраарлык абалда Ош облустук ооруканасына жактырылган. Кийинчерээк кан басымы кескин түшүп кетип, жандандыруу бөлүмүнө которулган. Бирок дарыгерлер сактап кала алышкан эмес", — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Прокуратура окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0