"Ош" базары атайын өрттөлгөн. Кырсык боюнча ӨКМдин алдын ала берген жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековКрупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке
Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоо базардын имаратын таңкы үчкө чукул каптаган

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Алдын ала маалыматтарга караганда 13-апрелде Ош базарын атайылап эле өрттөшкөн. Бул туурасында ӨКМдин орун басары Калыс Ахматов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Ош базарында чыккан өрттүн дрондон көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарында чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү
Ахматов күбөлөр өрт бир эле учурда бир нече жерден чыккандыгын көргөнүн кабарлады. Тилсиз жоо боюнча маалымат 03:50дө келип түшкөн.

Учурда окуя болгон аймакта ӨКМдин 14 унаасы иштеп жатат. Кырсыктан жабырлангандар болгон эмес.

Өрт чыккан "Ош" базарында азыр эмне болуп жаткандыгын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик түз алып берүүсүнөн окусаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0