Бишкектеги соода борбордон миллион сом уурдалды. Шектүү кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСейфтеги акча каражаттары. Архив
Сейфтеги акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оперативдүү издөө иш-чарасы учурунда 40 жаштагы киши кармалды

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкектеги соода борборлордун биринен миллион сомдон ашык каражат уурдады делген киши колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ШИИБден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде калаа тургуну милицияга арыз жазып кайрылган.

"Доогер өткөн жылдын июнь айында калаадагы соода борборлордун биринде иштеген реализатор кассадан миллион сомдон ашык каражатты уурдап кеткенин айтып милицияга кайрылган. Ал белгилегендей айыпкер акчаны кайтарам деп Россияга учуп кетип ошону менен изин сууткан", — деп айтылат маалыматта.

Арыз каттоого алынып, аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Оперативдүү издөө иш-чарасы учурунда 40 жаштагы киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0