Бир кишинин өмүрүн алган кырсык. Шектүү катары пенсионер аял кармалды

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаАвтонаезд на 66-летнюю женщину в Бишкеке
Автонаезд на 66-летнюю женщину в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Бишкекте болгон. Шектүүнүн унаасы айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкекте жөө адамды унаасы менен коюп кетип өлтүрүп алды деген шек менен 66 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаПодозреваемая в автонаезде на пешехода со смертельным исходом в Бишкеке
Подозреваемая в автонаезде на пешехода со смертельным исходом в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Подозреваемая в автонаезде на пешехода со смертельным исходом в Бишкеке

Кырсык 7-апрелде 12-кичирайондо болгон. Айдоочу 58 жаштагы аялды сүзүп, из жашырып кеткен.

"Оперативдик издөө иштери учурунда жөө адамды коюп кетип, анын өлүмүнө себепкер болду делип Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаанын 66 жаштагы айдоочусу кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүнүн унаасы айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми кармалган аял Бишкек ШИИБинин жол кырсыктары боюнча тергөө бөлүмүнө жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0