Борбор Азия жана КМШ аймагында теракт уюштурууга келген согушкер кармалды

Жазылуу
Колго түшүрүлгөн киши тергөө абагына киргизилген

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Борбор Азияда жана КМШ өлкөлөрүндө террордук актыларды уюштурууга келген согушкерди кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 26 жаштагы шектүү жаран 4-апрелде колго түшкөн.

"Ал чет элдеги эл аралык террордук уюмдун лагеринде диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп, Сирия өкмөтүнүн аскерине каршы согушка катышкан", — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 226-4 беренеси (КР жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу, террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран тергөө абагына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0