Эмне деген акча! Түп — Кеген жолун курууда 51 млн. сом жок болуп кеткен

© Sputnik / Игорь Чуприн / Медиабанкка өтүүСтроительство скоростного автобана "Приморское кольцо"
Строительство скоростного автобана Приморское кольцо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча облустук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун прокуратурасы менен УКМКнын аталган аймактагы башкармалыгы Түп — Кеген жолун курууда жаратылышка зыян келтирилип, мамлекетке 51 миллион сомдон ашык чыгым келгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аймактык бөлүмү эл аралык маанидеги Түп — Кеген автожолун оңдоо боюнча "Т.Э.Г." ЖЧКсы менен 1 милилард 949 миллион сомго келишим түзгөн.

"Аталган жолду курууда Транспорт министрлиги менен анын аймактык бөлүмүнүн кызмат адамдары, Түп районунун өзүн-өзү башкаруу органдары "Т.Э.Г." ЖЧКсы менен биргеликте мыйзамсыз кадамдарга барган. Аталган ЖЧК эч кандай тийиштүү документтери жок туруп, Кең-Суу, Сары-Төлөгөй жана Токтоян аймактарындагы карьерден кум-ташты бекер алууга уруксат берилген. Бирок жасалган иштер боюнча документте коротулган материалдардын баасы белгиленип, кийин ал каражат бюджеттин эсебинен алынып турган", — деп айтылат маалыматта.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дагы эки көчө жайдын ортосуна чейин жабылат
Ошентип 2008-жылдан 2017-жылга чейин бюджеттен мыйзамсыз алынган каражаттын көлөмү 50 миллион 384 миң долларды түзгөн.

Андан сырткары, жайыт жерлерди мыйзамсыз колдонуудан жаратылышка 808 миң сом өлчөмүндө зыян келген. Жыйынтыктап айтканда мамлекет жалпысынан 51 миллион 192 миң сом зыян тарткан.

Аталган факты боюнча Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 180-беренеси (Мыйзамсыз ишкердик), 171-беренеси (ишенип берилген каражатты ээлеп алуу же коротуу) жана 303-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0