Кыргызстанга ири өлчөмдө баңгизат ташыган эл аралык канал буулду

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшкөндөр УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкекте "Альфа-ПВП" деп аталган күчтүү баңгизаттын ири көлөмү менен кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй милициясы Жайылда мыкаачылык менен жасалган кылмыштын бетин ачты
Аталган органдын кызматкерлери 28-март күнү Европадан Борбор Азия өлкөлөрүнө наркотикалык заттарды ташуу боюнча эл аралык каналын табуу үчүн ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзгөн.

Бул факты боюнча КРдин Кылмыш жаша жаза кодексинин 247-беренеси (Баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды, болбосо прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

"Альфа-ПВП" — Түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүнүн лабораторияларында даярдалган синтетикалык күчтүү каражат. Аны пайдаланган киши акылынан адашып, агрессияга алдырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0