Ала-Букада жол кырсыктан жаш кыз каза болуп, ымыркай жабыркады

© Фото / пресс-службы УМВД по Псковской областиЧетыре человека погибли под Псковом в результате лобового столкновения
Четыре человека погибли под Псковом в результате лобового столкновения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Hyundai Starex автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, машина аласалып кеткен

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жалал-Абадда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык 31-март күнү 16.30дар чамасында Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында болгон. Анда Hyundai Starex автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, машина аласалып кеткен.

"Окуянын кесепетинен 26 жаштагы кыз каза болду. Ал эми 29 жаштагы келин менен бир жаштагы ымыркай жабыркаса, 30 жаштагы эркек киши оор жаракат алып жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди", — деп башкармалыктан билдиришти.

Жол кырсыгынын видеосу YouTube каналына жарыялаган.

Учурда окуя боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0