Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Токмокто адам өлүмүнө себепкер болгон прокурордун экс-жардамчысы жазаланабы

Жазылуу
Былтыр жайында Токмок шаарынын жанында эки автоунаа кагышып, бир кыз каза болуп, беш киши жаракат алган

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Биринчи Май райондук прокурорунун мурдагы жардамчысы дисциплинардык жазага тартылган эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын ички тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Марс Абышкаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборундагы жыйында билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБашкы прокуратуранын ички тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Марс Абышкаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборундагы жыйында
Начальник отдела внутренних расследований ГП КР Марс Абышкаев - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратуранын ички тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Марс Абышкаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборундагы жыйында

Белгилей кетсек, былтыр жайында Токмок шаарына жакын жердеги айланма жолдогу кырсыктан 20 жаштагы кыз каза болуп, беш киши түрдүү жаракат алган.

Шектүү делген прокурордун жардамчысы окуя болгон жерден качып кеткен. Бирок эртеси милицияга өзү келген. Ага карата КР Кылмыш жаза кодексинин 281-беренеси "Жол коопсуздугу эрежесин жана транспортту эксплуатациялоону бузуу" боюнча кылмыш иши козголгон.

"Кызматтык териштирүү жүргөн. Жыйынтыгында Биринчи Май райондук прокурорунун орун басары тийиштүү көзөмөл жасабаганы үчүн дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Мурдагы кызматкер жана прокурордун экс-жардамчысы кызматтан бошоп кеткендиктен дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу мүмкүн болгон эмес", — деди Абышкаев.

Анын айтымында, прокурордун мурдагы жардамысы кылмыш жоопкерчилигине тартылып, иш азыр сотто каралууда. Абышкаев экс-кызматкер жумушка кайта алынышы мүмкүнбү деген суроого "кызматка репутациясы булганбагандар алынат, жогорудагы учур боюнча айтсак ал кылмыш жоопкерчилигине тартылган" деп жооп кайтарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0