Жалал-Абадда беш жашар кызды кордогон киши 20 жылга кесилди

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLМолоток судьи.
Молоток судьи. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр жыл аягында Жалал-Абаддын тургуну беш жаштагы кызын А.У. аттуу жаран уурдап кеткенин билдирген болчу

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаардык соту 2018-жылдын 20-мартында А.У. аттуу жаранды беш жаштагы кызды зордуктаган деп айыптап, 20 жылга кескенин Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

2017-жылы 15-ноябрда Жалал-Абад облусунун тургуну беш жаштагы кызын А.У. аттуу жаран уурдап кеткенин билдирип, аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

"Сот-медициналык жана сот-биологиялык экспертиза зордуктоо болгонун аныктаган. Тергөө маалында А.У. аттуу жарандын күнөөсү толугу менен далилденген", — деп айтылат маалыматта.

2018-жылдын 11-январында иш сотко өтүп, А.У. аттуу жаран Кылмыш жаза кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүгү (жашы жете электерди зордуктоо) боюнча күнөөлүү деп табылган. Ошондой эле аны катуу тартиптеги колонияга 20 жылга эркинен ажыратуу сунушталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0