Уурдалган акчанын 64 миң долларын кымырып алган милиционерлерге иш козголду

© AFP / JUNG YEON-JEАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кылмыш иштери тергөө үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине берилди

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл, Аламүдүн РИИБдеринин жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү ыкчам-иликтөө иш-чарасы учурунда ири суммадагы акча уурдашкан. 2018-жылы 18-февралда Аламүдүн менен Жайыл РИИБдин криминалдык милиция кызматы көп суммадагы каражат уурдады деген шек менен А.Н. аттуу жаранды кармаган. Аны жана жакындарын өлтүрөбүз деп коркутуп, акча катылган жерди көрсөтүүнү талап кылышкан.

Май ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстанга мазут ташууда мамлекетке 9 млн. сомдон ашык зыян келтирилген
"Милиция кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин ыкчам-иликтөө тобу келгенге чейин далил катары алынган акчанын 39 миң долларын кымырып алышкан. Аталган факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-берене (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен кылмыш ишин козгоду", — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура милиция жарандардын укугун коргогондун ордуна аларды басмырлап, опузалап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган учурлар биринчи жолу катталып жатпаганын белгилеген.

Ушундай эле кылмыш иши Ош ШИИБдин кызматкерлерине карата козголгон. 2018-жылы 16-январда милиция Кара-Кулжа районундагы карактоо фактысы боюнча тинтүү жүргүзүлгөн.

"Шектүүлөр уурдалган акчаларды бир нече жерге каткан. Бирок тергөө учурунда түзүлгөн протоколго 1 миллион 740 миң сом жазылбай калган. Андан сырткары, милиция шектүүлөрдүн биринин тааныш кызын Ош шаардык ИИБде кармап, шектүүнүн алардын пайдасы үчүн көрсөтмө беришин талап кылган. Шектүү киши макул болгондо гана кызды коё беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган кылмыш иштери тергөө үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0