Ошто 80 жаштагы карыяны сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлениях
Арест подозреваемого в преступлениях - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү маркумдун айылдашы болуп чыкты

ОШ, 24-мар. — Sputnik. Кара-Суу районунун Правда айылында 80 жаштагы карыяны унаасы менен койдуруп, ага жардам бербестен качып кетти делген айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Анын айтымында, айдоочу маркумдун айылдашы болуп чыкты.

"45 жаштагы Правда айылынын тургуну шектүү катары кармалып, ага таандык Nissan Primera унаасы айып короого токтотулду. Учурда анын баш коргоо чарасы райондук сотто каралууда. Ал эми Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү аталган фактынын негизинде иликтөө иштерин жүргүзүп жатат", — деди Теңизбаев.

Ал ошондой эле жол кырсыгында каза болгон маркумдун жакындарынан милицияга арыз түшө электигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0