Москвада мекендешин өлтүрдү делип КР жараны кармалды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр сентябрда Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринен кишинин сөөгү табылган

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. КР ИИМдин кызматкерлери россиялык кесиптештери менен биргеликте мекендешин өлтүрдү деген шек менен Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Былтыр 11-сентябрда Москвадагы Цимлянская көчөсүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кишинин сөөгү табылган. Ал 1972-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну экени аныкталган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында адам өлтүрүүгө шектүү делип Ош облусунун тургуну кармалды", — деп ИИМ тараткан билдирүүдө айтылат.

Кармалган жаран 33 жашта. Ага карата Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 111-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0