Россияда мигранттарды сызга отургузуп жүргөн кыргызстандык кармалды

© Sputnik / Илья ПиталевАкча кармап турган адам. Архив
Акча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелүүчү документ жасап берем деп бир нече кыргыз жаранынан жалпысынан 200 миң рублдей акча алган

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Москва шаарында мигранттарга өзүн КР ИИМинин жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкеримин деп тааныштырып, документтерди жасалмалап жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Россиядагы КР ИИМинин көлчүлүгүнө 2017-жылдын жай айларынан бери Москва шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары документ жасоо менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалыматтар түшүп келген. Ошондой эле алар орус жарандыгын алып берүү жана каттоого тургузууну убада кылып, буга чейин бир нече адамдан ири суммадагы акча алганы айтылган.

Чикаго шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ Чикагодо кармалды деген кыргыз жараны тууралуу маалымат берди
"Шылуундарды кармоо үчүн ыкчам өздөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында Баткен облусундагы Лейлек районунун 29 жашагы тургуну колго түшүрүлдү. Анын жанынан КР ИИМинин, Мамкаттоо кызматынын, Россиянын миграция кызматынын, Жалал-Абад облусундагы нотариалдык конторанын жана Москва шаарынын медициналык мекемелеринин мөөрлөрү табылды. Мындан тышкары, анын рюкзагынан кыргыз жарандарына тиешелүү документтер чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 159-беренеси (Чоң чыгым алып келген шылуундук) менен кылмыш иши козголуп, шектелүүчү убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар дагы башка адамдар изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0