Санкт-Петербургда үйдө жалгыз калган кыргызстандык жеткинчек иске ууланды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРабота станции скорой помощи им. А. С. Пучкова в Москве
Работа станции скорой помощи им. А. С. Пучкова в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энеси уулун үйгө жалгыз таштап, дүкөнгө кеткен.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Санкт-Петербургдун Выборг районунда кыргызстандык беш жаштагы бала иске ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу жергиликтүү "Петербургский дневник" басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык, адам өмүрүн ала жаздаган окуя 15-март күнү кечинде болгон. Энеси уулун үйгө жалгыз таштап дүкөнгө кеткен. Ошол учурда электр зымдардын биринен жалын чыгып, бала иске ууланган. Окуя болгон жерге куткаруучулар өз убагында келип, өрттүн чыгып кетишин алдын алган.

Кийин жеткинчек ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын иске ууланганын аныкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0