02:40 22 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Тапанча. Архивдик сүрөт

Мас болуп жумуштан алынып, кайра ордуна келген милиционер тапанчасын жоготуп ийди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
37710

Милициянын ага лейтенанты Т.Б. 2012-жылы кызмат учурунда мас абалында жол кырсыгына кабылып, милициянын кадыр-баркына шек келтиргени үчүн укук коргоо органдарынан четтетилген.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Сот тарабынан ордуна кайра алынган милиция кызматкери дагы мыйзам бузганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Милициянын ага лейтенанты Т.Б. 9-мартта "Макаров" үлгүсүндөгү табелдик тапанчаны жоготуп жиберип, ал тууралуу 13-мартта гана жетекчиликке кабар берген.

Аталган факты боюнча КР ИИМдин ички иликтөө кызматы териштирүү баштады.

"Чогултулган бардык материалдар юридикалык баа берүү үчүн Аламүдүн райондук прокуратурасына берилди. Учурда тапанчаны издөө аракеттери уланууда. Эгер кимдир бирөө аны таап алган болсо жакынкы милиция бөлүмүнө тапшырууну өтүнөбүз", — деп айтылат маалыматта.

Милициянын ага лейтенанты Т.Б. ички иштер органдарында КР ИИМдин академиясын аяктагандан кийин Сокулук районундагы Новопавловка милиция бөлүмүндө аймактык инспектор болуп иштөө менен баштаган.

2012-жылы Күн-Тууда аймактык инспектор болуп иштеп турганда мас абалында машина айдап, жол кырсыгына кабылып кызматтан алынган.

2015-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан акталып, кызматына кайра алынган. Ушул эле жылы Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй милициясына аймактык инспектор болуп дайындалган.

Тема боюнча

Кара-Балтанын кафесинде барымтага алынгандар. Милиция окуянын чоо-жайын айтты
Бир жумада мас болуп машина айдап жүргөн 334 киши кармалды
Белгилер:
милиция, ИИМ, Сокулук району
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ