Өзгөндө тамакка уулангандардын саны 17 кишиге жетти

© Sputnik / Александр Полегенько / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш бала санавиация менен Ош шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Өзгөн шаарында тамакка уулангандардын саны 17 кишиге жеткенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жабыркагандардын алтоо — балдар.

Эске салсак, аталган министрлик Өзгөн шаарынын тургундары кышкы салатка ууланганын айткан.

Адамдар 11-мартта ууланышкан. Медициналык жардам алуу үчүн 12-мартта тогуз киши кайрылса, 13-мартта ооруканага дагы сегиз киши түшкөн.

"13-мартта беш бала санавиация менен Ош шаардык клиникалык ооруканасына алып келинген. Үч баланын абалы оор. Эки баланын саламаттыгы туруктуу оор деп бааланууда", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөн аймактык ооруканасында учурда 12 бейтап дарыланууда. Алардын бири кайра жандандыруу бөлүмүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0