БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Чүйдүн Кара-Балта шаарында бир нече киши кафеге келгендерди бычак менен коркутуп барымтага алышкан. Анын ичинде ички иштер бөлүмүнүн кызматкери да болгонун Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу жарыялады.
Ал ошондой эле милиция бул окуяны жаап-жашырууга аракет кылып жатканын кошумчалады.
Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматы 3-марттан 4-мартка караган түнү болгон окуянын чоо-жайын маалымдады.
"Досунун үйлөнүү тоюнан чыккан эки бала Кара-Балта шаарындагы көңүл ачуучу жайлардын бирине келген. Алар музыкадан улам бири-бири менен айтыша кеткен. Бирөө бычакка окшогон узундугу 30 сантиметр болгон желим нерсени алып, досун саям деп коркуткан. Эс алуу жайындагыларга эч ким тийишкен эмес, эч ким барымтага алынган эмес", — деп милициядан билдиришти.
Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматы билдиргендей, кармалгандардын бири-бирине эч кандай доосу жок. Ишти Чүй облусунун Жайыл РИИБи карап жатат. Балдарды ажыраткан милицияга карага Чүй ОИИББи кызматтык тергөө жүргүзүүдө.