Түн ичинде үйгө ууруга кирген делип 25 жаштагы эки кыз кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРассмотрение дела в отношении президента "Внешпромбанка" Ларисы Маркус
Рассмотрение дела в отношении президента Внешпромбанка Ларисы Маркус - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийлик өкүлүнө күч колдонуу жана каракчылык боюнча кылмыш иши козголду

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Каракчылык жана бийлик өкүлүнө күч колдонууга шектелип эки кыз кармалганын Бишкек милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-мартка караган түнү кыздар бир үйгө кирип, кожейкени коркутуп 15 миң сомун алып кетишкен. Үч күндөн кийин, тагыраагы, 11-мартка караган түнү ошол эле үйгө келип, кайра акча талап кылышкан. Жабырлануучу акча берүүдөн баш тартып, "102" кызматына чалып милиция чакырган.

"Изи сууй электе кылмышка шектелип 25 жаштагы эки кыз кармалды. Алар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Свердлов районунун тергөөчүлөрү Кылмыш жаза кодексинин 168 (Каракчылык) жана 341-беренелери (Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0