Ошто "Йакын Инкар" экстремисттик агымынын 9 мүчөсү эркинен ажыратылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВ Вахитовском районном суде Казани
В Вахитовском районном суде Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт

ОШ, 12-мар. — Sputnik. Ош шаардык соту "Йакын Инкар" диний экстремисттик агымынын 9 мүчөсүн 3 жана 4 жылдан эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, 9 жаран Кылмыш жаза кодексинин 299-беренесинин 2-3–бөлүктөрүндөгү кылмыш белгилери боюнча 3 жана 4 жылга эркиндигинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды.

"Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган "Йакын Инкар" диний экстремисттик агымынын 16 мүчөcү 2017-жылы 15-июнда Кара-Суу районунда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Алардын ичинен 9 жаран сот тарабынан эркинен ажыратылды. Ал эми дагы 7 жаранга карата тергөө иштери жүрүүдө", — деди Аширбаев.

Ал ошондой эле эркинен ажыратылгандар жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөй турганын кошумчалады.

"Йакын Инкар" кыймылы Кыргызстандын муфтияттын ишин тааныбай келгендиктен 2017-жылдын 15-июнунда ал агым экстремисттик деп табылып, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

"Йакын Инкар" качан пайда болгон?

Жаңылыктар түрмөгү
0