"Сүрөтүңдү интернетке чыгарам!" Кызды опузалап акча талап кылган жигит кармалды

Жазылуу
Кылмышкерлер кыз менен СМС-билдирүү аркылуу байланышка чыккан

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкекте Нарындын 18 жаштагы тургуну опузалап акча талап кылган деген кине менен кармалганын шаардык милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, жигит бир кыздын сүрөт, видеолорун интернетке чыгарам деп коркутуп, андан 2000 доллар талап кылган.

"Биринчи Май райондук милицияга жабырлануучу арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар СМС-билдирүү аркылуу ири суммадагы акча талап кылып жатышканын айткан. Алар кыз түшкөн сүрөт менен видеолорду интернетке чыгарабыз деп опузалашкан. Милиция кызматкерлери кыздан акча алып жаткан жеринен 18 жаштагы уланды кармашты", — деп айтылат маалыматта.

Тартип сакчыларынын көзөмөлү менен арыз ээси акча талап кылгандар менен жолугуп, 600 доллар жана 1800 сом берген. Андан соң милиция Нарындын 18 жаштагы тургунун колго түшүргөн. Ушу тапта окуянын дагы эки катышуучусу изделип жатат.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси (Опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран үй камагына алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0