Бишкекте бычакталган аялдын өлүмүнө шектелип бир келин кармалды

Жазылуу
15-февралга караган түнү бычакталган азиат тегиндеги аялдын сөөгү табылган

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын милициясы ыкчам иликтөө иш-чарасы учурунда киши өлтүрүүгө шектелген 30 жаштагы аялды кармады.

Милиция буга чейин 15-февралга караган түнү бычакталган азиат тегиндеги аялдын сөөгүн таанууну суранган.

"Ленин райондук милициясынын тергөөчүлөрү менен шаардык милициясы каза болгон аял 1983-жылы төрөлгөнүн аныктады. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөчүлөр адам өлтүрүүгө шектүүнү кармады", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган 30 жаштагы келин кылмышка кызганычтын айынан барганын айтып, №1 убактылуу кармоо жайына эки айга камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0