Бишкекте бычакталган жигиттин өлүмүнө шектүү балдар кармалды

© REUTERS / Stringer Задержанный журналист Reuters Wa Lone
Задержанный журналист Reuters Wa Lone - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мууздалып, андан сырткары, бир топ жаракат алган жарандын сөөгү бир жума мурун табылган

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Киши өлтүрүүгө шектелип эки адам кармалганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Адыл Оморов билдирди. 

Буга чейин 3-март күнү Чоң Чүй каналынын жанынан бычакталып мууздалган жигиттин сөөгү табылган.

“Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүлөр 8-мартта колго түшүрүлдү. Тергөө алардын маркум менен тааныш экенин, ортодогу пикир келишпестик мушташка айланып кеткенин аныктады”, — деди Оморов.

Кармалгандар 18 жана 19 жаштагы жаш балдар экени маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0