Бишкекте каракчылык менен жан баккан топ кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи разбойных нападений в Кыргызстане
Случаи разбойных нападений в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүүлөрдүн жанынан эки таяк, бычак жана уюлдук телефондор табылган

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкекте эркек кишини күч колдонуп унаага ичинен бычак такап акча талап кылган деген шек менен үч адам кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар кечээ, 9-мартта, жабырлануучунун төрт миң сом акчасын карактап кеткен. 

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаТинтүү учурунда шектүүлөрдүн жанынан эки таяк, бычак жана уюлдук телефондор табылган
Разбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тинтүү учурунда шектүүлөрдүн жанынан эки таяк, бычак жана уюлдук телефондор табылган

"Каракчылык боюнча 102 номерине маалымат түшөрү менен мобилдик батальондун экипажы жөнөп кетти. Жабырлануучунун арызынын негизинде кылмышкерлердин сары изине түшүп үч кишини кармады", — дешти милициядан.

Миллион сомдон ашык салыкты жашырып койгон ишкер жана ишкана аныкталды - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балтанын базарында чаламандын чак түшүндө дүкөндү тоноп кетишти
Кармалгандар 21 жаштагы Э.А., 34 жаштагы К.Э., жана 33 жаштагы Р.Н атуу жарандар экени аныкталды. Тинтүү учурунда алардын жанынан эки таяк, бычак жана уюлдук телефондор табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аталган кылмышка шерик болгондорду жана кармалгандардын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар-жогун тактап жатат.

Өткөн айда дагы Бишкекте жети дүкөнгө кол салган деген шек менен мурда соттолуп чыккан үч киши кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0