Бишкекте жыл башынан бери интернеттен кардар издеген 64 сойку кармалды

Жазылуу
Милиция кызматкерлери төшөк кызматын көрсөтүп келген жарандарды аныктап-тактоо иштерин улантууда

БИШКЕК, 6- мар. — Sputnik. Быйылкы жылдын башынан бери интернет сайт аркылуу кардар издеп төшөк кызматын көрсөткөн 64 кыз-келин милициянын каттоосуна алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.

Борбор калаанын милициясы интим кызматын көрсөтүп жүргөн жарандарды аныктап-тактоо иштерин улантууда.

“Быйыл милиция бөлүмдөрүнүн каттоосуна 119 адам алынды. Анын 64ү — интернет аркылуу кардар издеген сойку болуп чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан үч күн мурун интернет аркылуу төшөк кызматын көрсөтүп келген айылдык кыздар кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0